Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Коргоо кеӊешинин аталышын кайрадан тактоого багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Демилгечилер – депутаттар И.Өмүркулов, Т.Зулпукаров, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Б.Ибраимжанов, Б.Сыдыков, А.Баатырбеков, Т.Конушбаев, А.Токторов, А.Турсунбаев. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечилер эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, Коргоо кеӊешинин аталышын кайра тактап, аны мурдагыдай эле Коопсуздук кеӊешине алмаштыруу зарылдыгы келип чыкканын, ал үчүн коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилип жатканын белгилейт.
Жакында Конституцияга бир катар түзөтүүлөр, анын ичинде Коргоо кеӊешине байланыштуу өзгөртүү да киргизилди. Ошондон улам, бир катар мыйзамдар Башмыйзамга ылайык келтирилүүдө.
Андан сырткары, ушундай эле максатта иштелип чыккан «Согуштук абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ