Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Президент мураскер болчу кишисин эртелеп даярдаш керек болчу”

Бөлүшүү:

-Эдил байке, депутаттар сөз эркиндиги боюнча мыйзамды талкуулап жатышпайбы, аталган мыйзам, депутаттардын аракети боюнча не айта аласыз?

-Бийликтин массалык маалымат каражаттарына карата айтылган нааразычылыгы, сотко коюлган доо арыздары негизсиз го дейм. Анткени көп учурда бийликти оппозициялык маанайдагы саясатчылар, оппозициядагы депутаттар сындашат. Көчөдөгү адам бийликти сындабайт, сындаса да көчөдөгү адамдын сын-пикири маалымат каражаттары­на жарыяланбайт. Демек ошол саясатчы оппозиционерлердин сын-пикири үчүн маалымат ка­ражаттарына айып коюу туура эмес. Албетте, беш кол тең эмес, туура эмес иш алып барып жаткан маалымат каражаттары деле бар. Бирок жалпылап алганда ошол чакан оппозициялык маалымат каражаттары үчүн аталган мыйзамды кабыл алып жиберүү туура эмес го деп ойлойм. Анын үстүнө президенттин кетээрине деле аз калды. Алты жылдан бери унчукпай келип, аз калганда ушинтип жаткандарына ичим күйүп жатат, тим эле коюшса болмок.

-Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча кандай пикирдесиз?

-Эки жакка тең тартпайм. Менин тилегеним Атамбаевдин тарапташтары жана Текебаевдики болуп элибиз, мекенибиз экиге бөлүнүп калбаса экен дейм. Азыркы учурда эл, башка саясатчылар мындай талаш-тартышка көңүл бөлбөй, Кыргызстандын мындан аркы келечеги кандай болот, кан­дай жолдо, кантип өнүгөбүз деген маселенин тегерегинде ой жүгүртсө, ошол тууралуу талкуулар уюшулса жакшы болгону турат.

-Адахан Мадумаров, Камчы Ташиев, Ахмат Келдибеков үчөө бириккени, кайра бириге албай, үчөө үч башка иш алып бара турганы айтылууда, үчөө бириге алабы?

-Баарынан кызыгы, үчөө биригип президенттикке бир талапкерди колдоп чыгабы же үчөө үч башка чыгабы ошол болууда. Өтө кызык, үчөөнө ставка койсок да болчудай. Мен мына сага деп, үчөө тең талапкер болуп алышабы деп турам.

Марат Иманкулов деген саясатчы башында турган көмүскө өкмөт дегендин түзүлгөнү маалым болду эле, ал боюнча да оюңузду уксак…

-Көмүскө өкмөт дегенди тамаша оюн катары элестетем. Көмүскө дебей эле, жасалма деп алышса болмок. Көмүскө өкмөттү түзүш үчүн аны түзгөндөр буга чейин парламенттик шайлоого аттанып, элдин колдоосуна анча-мынча болсо да ээ болуп, добуш алыш­са ии дейт элек, анте алышпаса дагы азыркы ички саясат, тышкы саясат, идеология, экономика боюнча альтернативалык ойлорун сунуштаса бир жөн. Анте алышпагандан кийин эмнеси көмүскө өкмөт?

-Президент Атамбаев бийликке жаштар келиши керектигин, саясий элитаны жаңылоо керектигин көп айтчу болду, буга кандай ойдосуз?

-Президент Атамбаев 2011-жылы бийликке “жаны муун” келет, бийлик толугу менен жаныланат деп айткан. Азыр биз жаш жетекчилерди карап көрсөк, алардын бардыгы президенттик аппаратта, Башкы прокуратурада, КТРКда, Улуттук банк, Энергохолдинг ж.б. кызматтарда жүрүшөт. Алар­дын баары 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдө отурушкан, көбүнчөсү Максим Бакиевди коштоп, жандап жүрүшкөн. Ошон үчүн бийликке таза, жаңы жаштар келип жатат деп бир беткей айтышка болбойт.

-Президент кийинки пре­зиденттикке өзү таптаган бирөөнү калтырышы мүмкүнбү?

-Президент мураскер катары калтырчу кишиси болсо, анысын эчак эле КСДПнын тизмесинде биринчи номурда кылып, элге тааныштырып, анан алып келип премьер кылып эки жыл иштетип, чет өлкөлөрдү кыдыртса, ага бүгүнкү күнү эл көнүп калмакпыз. Аны Атамбаевден кийинки прези­дент катары таанып калмакпыз. Атамбаев анткен жок. “Мураскер калтырбайм” – деп бир эмес, бир канча жолу айтты. Айтканындай эле болду. Убакыт өтүп кетти, аны жогоруда айткандай мурунтан эле таптап, дайындаш керек эле. Азыр андайга мүмкүнчүлүк жок. Ачык шайлоо болот!

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: