Коргоо кеңешинин башчысы Темир Жумакадыров жакшы иштей албай жатат. Ага карата күч органдарына нааразы каттарын билдирген жарандардын кайрылуулары кароосуз калып, коррупционерлер чартаңбай тээп жүрүшөт. Тагыраак айтканда, мындан бир нече ай мурда Ош областтык наркология борборунун директору Айгүл Садиеванын коррупциялык иштери тууралуу маалымат жарык көрүп, ал гана эмес борбордун кызматкерлери Темир Жумакадыровго кайрылуу жолдошкон. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тилекке каршы тергөөчү Таалай Аденов эч кандай чара колдонгон жок. Текшерүү иштери да жүргөн жок. Ош областтык прокуратурасы талкан сугунуп алгансып отурушат. Жок дегенде Жумакадыров тарабынан конкреттүү көрсөтмө да болбой жатат. Ал эми тигил Садиева болсо Сооронбай Жээнбековго таянып алып, өз билгенин жасап, ага каршы чыккан врачтардын баарысын иштен мыйзамсыз алып баштады. Же Садиеваны Жумакадыров өзү колдоп жатабы?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ