Menu

Темирди тымызын колдоп жаткандар кимдер?

Бөлүшүү:

Темир Сариев Нооруз майрамын Ош, Жалал-Абад шаарларында тосконун жамы журт көрдү. Жергиликтүү тургундар көйгөйлөрүн айтып эле тим болбостон, “чечип бер” деген кайрылуу каттарынан бери Темикенин чөнтөгүнө салып, жетпей калганы колуна карматышып узатыптыр. Ал азыр мурункудай премьер-министр эмес экенинен элдин иши жоктой. Кыскасы Темикенин таскагы күчөп, жер-жерлерде эл менен жолугушуу өткөрүп жүргөн учуру. Негизи Сариев кыйын экен, эй! Элдер эки-экиден чабышып, “сен жинди, мен жинди” болуп атышса, бул интрига менен иши жок, өз нугунда, тынч иштеп жүрөт. Бул анын акылдуу кадамы деп түшүнсө да болчудай. Айрымдардай болуп аркы жээкке өтө калып берки жээкти боктобой, берки жээкте туруп алып аркы жээкти октобой эмитеден элдин эсебин таап, көңүл чордонунда кайнап жүрөт. Анын бул позициясын, түз жүргөнүн сыйлагандар көп. Муну жашырбастан ачык айткан оң го. Ошол Ошто жүргөндө деле аны жандап Оштун, Өзгөндүн тың чыкма жигиттери, Өкмөттүн мурунку аппарат башчысынын орун басары Эргешов Алтынбек, Өкмөттүн транспорт бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Убалиев Элдияр, Билим берүү министринин мурунку орун басары Эгенгулов Нурмаматтар жүрүшкөнүн уктук. Эгер ал саясаттын сасык оюндарына аралашкан болсо, алар Сариевге жакындашпайт болчу. Сариевдин иши барда ийиндеш жүрүп, иши жокто карабай кеткендери канча болду экен?! Бул жааттан алганда жигиттер азамат! “Крутой” акалары көп шаардагы бул көрүнүш Сариевди түштүктөн аброю жок дегендерге анча-мынча жооп болду окшойт. Бирок, Темике түштүк аймакка көп көңүл буруп жатканы тууру иш. Ал жакта Сариев тууралуу ар кандай сармерден айта беришип, элди “сасытып” жиберген эмеспи.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: