Казакстанда «социалдык, уруулук, расалык, диний же улуттар аралык кастыкты козутуу» беренесине жарандыктан ажыратуу жазасы киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигинен кабарлашты.
Мекеменин билдирүүсүндө ушул жана башка бир катар сунуштар айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда каралып жатканы айтылат.
Учурда аталган берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Ал эми жарандыктан ажыратуу жазасы куралдуу жаңжалдарга катышкандыгы үчүн айыпталгандарга карата колдонулат. Юстиция министрлиги тарабынан «террористтик кылмыштарды кылган, ошондой эле Казакстандын кызыкчылыктарына зыян келтирген» деп айыпталгандарды да жарандыктан ажыратуу сунушталууда.
Мекеменин маалыматына ылайык, «террористтик кылмыштарды кылуу, ошондой эле Казакстандын кызыкчылыктарына зыян келтирүү» түшүнүгүн кылмыш кодексинин 15 беренесине киргизүү каралууда.
4-апрелде Юстиция министрлиги мекемелер аралык комиссиянын жыйынын өткөрүп, анын жыйынтыгы менен мыйзамдын акыркы долбоору сунушталат.
Эгер мыйзам долбоору парламент тарабынан жактырылса, ал өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ