Түркмөнстандын мамлекеттик мунайгаз ишканаларынын жетекчилери «ден соолук жана бакыт» бир айлыгынын алкагында өтчү массалык спорттук иш-чаралар үчүн кызматкерлеринен акча чогултуп жатышат.
«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, ар бир жумушчудан алынчу акчанын өлчөмү 20 манатты түзөт. Топтолгон каражат массалык иш-чаралардын катышуучулары үчүн атайын спорттук кийимдерди сатып алууга жумшалат. Иш-чаралар апрель айынын ичинде өткөрүлүп, мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт.
“Бул тууралуу бизге айдын башында кабарлап, иш-чаранын катышуучулары үчүн 300 манаттык спорттук кийимдерди сатып алуу керектигин айтышты”, – деди Балкан облусундагы мунай өндүрүү ишканасынын кызматкерлеринин бири.
Спорттук иш-чараларды уюштурууга акча чогултулуп жаткандыгы тууралуу өлкөнүн башка мамлекеттик ишканалары менен мекемелеринин жумушчулары да билдиришүүдө. Бирок расмий бийлик бул боюнча эч кандай түшүндүрмө берген жок.
«Ден соолук жана бакыт» бир айлыгы расмий иш-чара болуп эсептелет жана өлкөдө 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет. Иш-чара ага чейин да жыл сайын өтүп келген, бирок бир гана жумага созулчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ