Ушул жылдын 4-апрелинде Бишкекте кыргызстандык мусулмандардын VI курултайы өтүп, анда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы болуп кайрадан эле Максат ажы Токтомушев шайланды. Буга кошумча, курултайдын катышуучулары муфтияттын алдындагы Аалымдар кеңешинин курамын жаңыртып, бул институттун төрагалыгына да мурдагы эле Абдышүкүр Нарматовду калтырышты. Үчүнчү маселе болуп-Уставга кошумча-алымчалар киргизилди.
Кыскасын айтканда, муфтийди шайлоо мурдагыдай кызуу талаш-тартышы жок, тынч өтүп, муфтийликке талапкер Чубак ажы Жуманов менен Ош облусунун мурунку казысы Ниязалы Арипов өздөрү баш тартканы Максат ажынын атаандашсыз шайланышына шарт түздү. Айта кетсек, эгемендикти алгандан бери Кыргызстанда онунчу жолу муфтийди шайлоо өтсө, анын алтоосу 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин болгон.
Булак: “Алиби”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ