Menu

“Акылдуу эсептегичтер” да адашат… Атамбаев сыяктуу

Бөлүшүү:

Энергетиктер “акылдуу эсептегичтер ” туура эмес эсептеген болсо, айырманы кайтарып беребиз деп билдиришти. Кышы бою караламан калк токтун акчасы эки эселеп көп келип жатканын, эсептөөлөрдө күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып нааразылык билдирип келишкен. “Түндүкэлектронун” директорунун орун басары Тилебалды Жаңыбаевдин айтымында, эсептегичтердин иши декабрь айында үзгүлтүккө учурап, ката эсептеген фактылар болгон. Бирок, чиновник эсептегичтин “жел токту” кошуп санап коюп жатканын кыштын катуу болгону менен түшүндүргөнгө аракет кылды. Айтымында, кыш суук болгондуктан электр жылыткычтар ошого жараша күрүлдөп катуураак иштеген экен. Бирок эл деген мештер мурункудай эле температура менен иштегенин, анан кайдан жүрүп свет пулу калыңдап кеткенин түшүнө албай баштары маң. Баары эле адашып жатат – пенделерден го президентибиз миллиондору боюнча “адашып” мактанып алыптыр, ал эми техникага ишен деген заманда “акылдуу эсептегичтер” да жаңылып, свет акысын көп жазып киргени кызык.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: