Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетээр-кетпесин депутаттар чечет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги Ботаникалык бактагы ишембилик учурунда билдирди. Анын айтымында, келерки аптада парламент өкмөттүн жылдык отчетун угат.
– Бардыгы өкмөттүн отчетуна байланыштуу болот. Эгер отчет депутаттарга жакса, бул өкмөттүн мындан ары иштеп калуу мүмкүнчүлүгү бар, – деди спикер Чыныбай Турсунбеков.
Сооронбай Жээнбеков былтыр апрелде өкмөт башчы болуп шайланган. Аны Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция сунуштаган. Жээнбеков эгемен Кыргызстандын тарыхындагы 28-өкмөт башчы.
Апрель ыңкылабынан бери эле коррупциялык чатак, Кумтөр, жол куруу боюнча тендерге байланыштуу чырлуу иштердин айынан сегиз жолу өкмөт алмашты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ