Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, шаардын географиялык жайгашуусуна байланыштуу Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн өрт өчүрүүчүлөрү шаар аймагында катталган өрт кырсыктарын гана эмес коңшулаш Сузак районунун жакынкы аймактарында катталган өрт кырсыктарын да жоюуга жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат болүмүнүн кароол башчысы улук лейтенант Каныбек Маматкулов билдирди.
Анын айтымында, өткөн 3 айда Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызматынын өрт өчүрүүчү автоунаалары 6 жолу Сузак районунун аймагындагы өрт кырсыктарын өчүрүүгө катышты.
-Ушундай өрт кырсыктарынын бири 2017-жылдын 15-апрели күнү Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Ирригатор айылында катталып, натыйжада азыркы замандаын талабына ылайык оңдолуп-түзөлгөн бир чоң жер үйдүн 200 чарчы метр аянты өрттөн жабыркаган. Жергиликтүү калктын жана өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен турак үйдүн жарым бөлүгү, үй эмеректери сакталып калынды,-дейт ал.
Турак жайларда катталган өрт кырсыктары негизинен электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эрежелердин бузулушунан улам келип чыгуусун эске алып, турак жай ээлерине турак үйлөрдүн электр зымдарынын, электр шаймандардын техникалык абалдарын дайыма көзөмөлдөп турууну өрткө каршы кызматы эскертет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ