Menu

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев расмий иш сапары менен Аксы районунда болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев расмий иш сапары менен Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында болду. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Облус башчысынын жазгы талаа жумуштары менен жеринде таанышуусунда Аксы районунун акими Масалбак Мырзамамытов, Аксы райондук суу чарба башкармасынын башчысы Ысмайыл Ибраимов жана Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Нурбек Мураталиев бирге коштоп жүрүштү. Алгач жетекчилер Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу “Желтийбес-1” насосотук станциясынын учурдагы иши менен таанышышты. Насостук станциянын башчысы Сүйүнбек Иманалиев билдиргендей бул жерде 8 даана насостук станция коюлган. Анын 5и такай иштеп, үчөө резервде турат. Тээ союз убагында, 1978-жылы ишке берилген “Желтийбес-1” насостук станциясы 1834 га аянтка суу чыгарып берүү кубаттуулугуна ээ жана саатына 2,5 миң куб суу айдап берет.

Үч-Коргон айыл аймагынын Кум участкасында Кытайдан келген ишкер Шен Зин 2,5 га аянтка күнөскана куруп, ал жерде помидор, бадыраң, калемпир менен болгар калемпиринин бир нече түрлөрүн өстүрүүдө. Бадыраңдын алгачкы түшүмүн жыйноо иштери башталды. Кытайлык ишкер өз ишин талаптагыдай жүргүзүү максатында аялын жана эки агроном адисин өз мекенинен алып келген. Ал эми жергиликтүү тургундардан 20 адам жумуш менен камсыз болгон.

Суу керектөөчүлөр ассоциясынын башчысы Кенжалы Райымкулов 2200 метр келген ички каналдар толугу менен сапаттуу тазалангандыгын маалымдады. Ал эми бюджеттин тартыштыгынан РП-1 каналын толук тазалоодо көйгөйлөр бар экендигин жашырбай, ортого салды. Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевге балдар бакчасын куруу создугуп келаткандыгын айтышты. Мындан сырткары жаңы курулган ФАПтын каражаты ыксыз ашыкча көрсөтүлгөндүгүн, бул маселени текшерүү зарылдыгын белгилешти. Ал эми 300 кожолук калк жашаган Жылкол айылынын тургундары Чоң наманган каналына курулган көпүрөнү жазгы сел алып кеткендигин, аны талаптагыдай ремонттоо жумуштары создугуп келаткандыгын тынчсыздануу менен белгилешти. Облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев бул маселени тез арада чечүү тапшырмасын Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов менен Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Нурбек Мураталиевге табыштады.

Жергиликтүү жаш ишкер Асыл Көчүмкулов 4 га аянтка мөмө берүүчү бак-дарактарды олтургузуп, анын ичинен 1 га. 20 сотых аянттына күнөскана куруп, ал жерге помидор менен бадыраңды өстүрүү иштерин астейдил колго алышкан. Ондогон жергиликтүү жаштар мунун аркасынан жумуш менен камсыз болуп олтурушат. Алардын демилгелүү иш-аракеттерине жетекчилер ыраазы болушуп, алардын иштерине ийгилик каалашты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан Жолдошбек Кожобеков атындагы орто мектептин курулуш иштери менен дагы жеринде таанышты. Мектептин курулушун “Файзи” ЖЧКсынын курууучулары куруп жатышат. Курулушка 36 млн. сом каралган болсо, учурда 29 млн. сомдук жумуштар аткарылып, 80 пайыз жумуштар аткарылып бүткөрүлдү. Азыр эски мектепте 325 окуучулар билим алып жатышат. Жаңы окуу жылына карата мектептин курулушу толугу менен бүткөрүлүп, ал ишке берилээрин прораб Жаныбек Жээнтаев ишенимдүү айтты. Ыйгарым укуктуу өкүл курулуш ишинин сапатына катуу көңүл бурулуусу керектигин жергиликтүү бийлик башчылары менен курулуш уюмунун жетекчилерине дайындады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: