Menu

Улугбек Ормонов, ЖК депутаты: “Жер көчкү баскан Аюу айылынын тургундарына коопсуз жерге көчүү тууралу эч ким эскертүү бербеген”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-апрелде КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бир тобу Өзгөн районундагы Зергер айыл округунун жер көчкү жүргөн Аюу айылында болуп кайтышкан. Ал топтогу депутаттардын бири, “Бир бол” фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов “Каганат” сайтынын журналисттерине төмөнкүлөрдү билдирген:

Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 млн метр куб болгон жер көчкү түшкөн. Айыл тургундарынын айтымында, жер көчкү 25 адамды басып калган. Издөө иштери жүрүп жатат бирок, өкүнүчтүүсү, азырынча бир дагы адам табыла элек. Ничке Суу айылында мурда дагы ушундай кырсыктар катталгандыктан айыл тургундарын башка, коопсуз жайларга жайгаштыруу үчүн атайын чаралар көрүлүп, насыялар берилген экен. Ал эми бүгүн кырсык болгон Аюу айылынын тургундарынын айтуусу боюнча аларга эч ким ссуда берип, коопсуз жерлерге көчүү тууралуу эскертүү бербегендигин, болгону жер көчкү жүрүшү мүмкүн деген гана маалыматтар айтылганын айтышууда”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: