Menu

Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын ишин катуу сынга алды

Бөлүшүү:

«Өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу акыркы болуп өткөн окуя бир катар мамлекеттик органдар өз ишмердүүлүгүндө калкка маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана анын кесепеттерин жоюуда начар иштеп жаткандыгын көрсөттү», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-майда, Ош шаарында калкты жана республиканын аймагын өзгөчө абалдардан коргоону камсыз кылуу боюнча өткөн селектордук жыйында. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Жыйын ушул жылдын 29-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында болгон жер көчкүдөн каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Өкмөт башчы бул багыттагы иштер менен таанышуу максатында Ош жана Жалал-Абад облустарына болгон жумуш сапары учурунда жер-жерлердеги реалдуу абалды көрүп, бир катар мамлекеттик органдардын жетишээрлик деңгээлде иштебей жаткандыгын баса белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Финансы министрлигинин ишин катуу сынга алды. Ал буга чейинки табият кырсыктарынын алдын алуу боюнча берилген көп тапшырмалар финансылык каражаттын убагында бөлүнбөгөнүнөн улам аткарылбай калганын белгиледи.  «Бардык маселени чечүү, анын ичинен табият кырсыктарынын алдын алуу иштери да финансылык каражатсыз чечилбейт. Өзгөчө кырдаалдардын айрым чечилбеген маселелерине Финансы министрлигинин күнөөсү бар», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Транспорт жана жолдор министрлигинин табият кырсыктарынын алдын алууда жана анын кесепеттерин ыкчам жоюуда, коргоочу тосмолорду убагында оңдоодо алардын жетишпеген иштерин белгиледи.

«Силерде бардык керектүү адамдык жана техникалык ресурстар жетиштүү, бирок жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен бирге тиешелүү чечимдерди кабыл алууда уюштуруучулук жана оперативдүүлүк жок», – деди Сооронбай Жээнбеков.

«Биринчи кезекте калкты көчүрүү үчүн коопсуз аймактарды аныктоо жана жарандардын тизмесин тактоо зарыл. Жарандар коопсуз аймактарды так билиши үчүн, кээ бир жер участокторуна убактылуу чатырларды орнотуу керек», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Ал калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууну тапшырып, Ош облусунун Өзгөн районуна барганда кооптуу аймактагы жергиликтүү тургундардын 11 күн электр жарыгысыз калганын мисал келтирди. Өкмөт башчы ушундай фактыга жол бербөөнү эскертип,  «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевге Өзгөн РЭС башчысын кызматынан бошотууну тапшырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, табигый кырсыктардын оор кесепеттери калкты күтүлүп жаткан өзгөчө кырдаалдар тууралу жетишээрлик деңгээлде маалымат менен камсыз кылбагандан улам болуп жатат. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда жана күтүлүүчү табигый кырсыктардан турак-жайларды камсыздандыруу  тууралуу жергиликтүү жашоочуларга маалымдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул боюнча Өкмөттүн облустардагы  ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Жумашевге сын айтылды.

Өкмөттүн облустардагы  ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, тийиштүү мамлекеттик органдарга кооптуу аймактарда жашаган жергиликтүү тургундарды көчүрүү боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Соңунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Аппаратына он күндүк мөөнөт ичинде тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан  өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча мурда берилген тапшырмалардын аткарылбагандыгы боюнча дыкат анализ жүргүзүүнү жана тийиштүү сунушту киргизүүнү тапшырды. Өкмөт башчы өзгөчө мурда берилген тапшырмаларды өз имөөнөтүндө аткарбагандыгы жана жумушка болгон шалаакылыгы үчүн жетекчилерге катуу чаралар көрүлө тургандыгын баса белгиледи.

Селектордук кеңешмеге Ош облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Өзгөчө кырдаалдар министри  Кубатбек Боронов, Транспорт жана жолдор  министри  Жамшитбек Калилов, Финансы министринин орун басары  Улукбек Кармышаков,   «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы  Айбек Калиев,  «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Жумашев, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу байланышка онлайн режиминде катышышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: