Быйылкы жылы Маданият—Кыпчак-Талаа—Майлуу-Суу жолуна жаңы 2 көпүрө курулат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.
Бул максатта КРнын транспорт жана жол министрлигинен 6 млн. 362 миң сом каражат каралды. Аталган 2 көпүрөнү куруунун заказчиги Жалал-Абаддагы ДЭП-22 автожолдорду тейлөө ишканасынын башкармалыгы болсо, курулуш иштерин тендерден жеңип алган Ош шаарындагы “Элита аймак курулуш” ЖЧКсынын куруучулары бүткөрүшөт.
— Маданият—Кыпчак-Талаа—Майлуу-Суу жолуна быйылкы жылы 2 көпүрө курулуп бүткөрүлөт. Ачык тендерди жеңип алган “Элита аймак курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) куруучулары 3 айдын ичинде көпүрөнү куруп бүткөрүүнү өз моюндарына алышкан. Азыркы тапта көпүрөнүн курулуш иштери кызуу жүргүзүлүп жатат,- деди Жалал-Абаддагы ДЭП-22 автожолдорду тейлөө ишканасынын жетекчиси Рашид Курбанов.
Көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов жеринде барып таанышты. Быйылкы жылга карата аталган жолдун 3 км аралыгына жаңы асфальт төшөө жумуштары дагы мерчемделген. Жолдун сапаттуу болуусу Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу завод тарабынан чыгарылган продукциялардын ташылуусундагы коромжунун көлөмүн кескин кыскартаары анык.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ