Орусия мартта АКШнын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алууга 13 500 миллиард доллар жумшады. Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги кабарлагандай, бул позицияда Орусиянын камдыгы 100 миллиард долларга көбөйдү.
Мекеме эгер Орусиянын Швейцария, Люксембруг жана Кайман аралдарындагы офшордук эсептериндеги америкалык баалуу кагаздарын эсепке алынса, бул сумма мындан дагы жогорушу мүмкүн экенин белгиледи.
Орусия баалуу кагаздарды сатып алууну үч айдан бери улантууда. Бул мунай баасы көтөрүлүп, рубль кунун бекемдеп жаткан маалда Орусиянын чет өлкөлүк резервдерин көбөйтүү дераметин чагылдырат. Орус валютасынын наркы былтыр 14 пайызга жогорулган.
2015-2016-жылдары рублдин куну өтө төмөндөп кеткен. Талдоочулар Москва чет өлкөлүк баалуу кагаздарын сатуу менен абалды жөнгө салганын билдиришүүдө. Мунайдын наркы төмөндөгөнгө чейин орусиялык активдер 150 миллиард долларды түзгөн. 2015-жылы ал 66 миллиард долларга чейин төмөндөгөн. Көп өлкөлөр валюталык резервин америкалык баалуу кагаздар менен сакташат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ