Menu

Алмазбек Атамбаев БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль Нахайянды кабыл алды

Бөлүшүү:

Атамбаев бүгүн, 24-майда өлкөгө расмий визит менен келген Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль Нахайянды кабыл алды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушууда кыргыз-эмират кызматташтыгынын жана жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды. Олуттуу багыттар, атап айтканда, соода-экономикалык чөйрөдө биргелешкен иштерди жандантуунун мааниси белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев Шейх Абдалла бин Зайед Аль Нахайяндын Кыргызстанга расмий визити мамилелердин андан ары жанданышына түрткү берип, өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттерди тереңдетүүгө жол ачарына ишенерин билдирди.

Шейх Абдалла бин Зайед Аль Нахайян жылуу тосуп алып, эки тараптуу катнаштардын маанилүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк түзгөндүгү үчүн Президентке ыраазылыгын айтты. Ал БАЭнин тиешелүү мекемелери Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыкты жандантуу боюнча пландарды ишке ашырат деп ишендирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: