Тажикстандын Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Сулаймон Султанзода мекеменин мурдагы кызматкерлеринин үйлөрүндө миллиондогон акчалар жана алтын табылгандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты.
Ал мурдагы кызматкерлердин тобу кармалганын ырастады, бирок кылмыш иши боюнча тергөө аяктай электигин жүйө келтирип, бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Учурда ишти атайын түзүлгөн тергөө тобу карап жатат.
Агенттик ошондой эле мекеме башчысынын мурдагы орун басарынын ата-энесинин үйүнөн 35 млн доллар, ал эми экс-тергөөчү Фируз Холмуродзоданын үйүнөн 1,3 млн доллар жана 6 килограмм алтын табылгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү да четке какты.
Султанзоданын айтымында, мекеменин мурдагы тергөөчүсү Фирдавс Ниёзбадаловдун бункеринде капка салынган акча, алтын жана баалуу таштар табылгандыгы тууралуу маалыматтар да чындыкка дал келбейт.
Апрелдин аягынан бери Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин мурдагы жана учурдагы аткаминерлери кармалууда. Булактардын маалыматына караганда, ушул күнгө чейин агенттиктин жети экс-кызматкери камалгандыгы ырасталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ