Menu

Өзгөнгө гуманитардык мобилдүү үйлөр жеткирилди

Бөлүшүү:

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында 2017-жылдын 29-апрелинде Аюу айылында жер көчкүдөн жапа чеккен жарандарга убактылуу жашап туруу үчүн, 2017-жылдын 29-май күнү КР ӨКМ тарабынан 3 даана (1 даана 2 бөлмөлүү, 2 даана 1 бөлмөлүү) атайын даярдалган мобилдүү турак үйлөр оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, жеткирилген. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.

2017-жылдын 23-майдан 29-майга чейин КР ӨКМ тарабынан жалпы 21 даана (анын ичинен 11 даана 2 бөлмөлүү 40тн., 11 даана 1 бөлмөлүү 20тн.) мобилдүү турак үйлөр жеткирилди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Бороновдун буйругу менен 2017-жылдын 29-май күнү саат 15:00дө КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун бирдиктүү кампасында сакталып гуманитардык жардам (макарон 850 кг, кумшекер 400 кг, өсүмдүк майы 915 кг, кургак чай 170 кг) жер көчкүдөн жабыр тарткан Зергер айыл аймагына жана Жалпак-Таш айыл аймагына КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 1 КамАЗ унаасы менен жеткирилип берилген.

2017-жылдын 30-май күнү гуманитардык жардамды жапа чеккен адамдарга таркатуу иштери жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: