Чүй районунда 2017-жылдын 30-май күнү саат 09:30 чамасында Бишкек-Торугарт айланма жолдун 48-чакырымында “Хонда Стрим” үлгүсүндөгү мамлекеттик N 92 13 В унаа менен “Гольф 2” үлгүсүндөгү мамлекеттик № I 3846 Z унаасы кагылышкан. Каза болгондор жок. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №21 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары “Гольф 2” унаасынын ичинен кысылып калган айдоочусу менен жүргүнчүнү чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ