Menu

Жалал-Абад: кыйноолорго укук коргоо органдары да аракет кылышууда

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областында кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоо боюнча мамиле кылуунун же жазанын түрлөрүн алдын алуу багытында кыйноолого каршы Улуттук борбор (КАУБ) менен област аймагындагы укук коргоо органдары чогуу иштеп жатышат. Бул тууралуу аталган Улуттук борбор Жалал-Абад шаарында өткөргөн ачык эшиктер иш-чарасында айтылды, – деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Кыйноолорго каршы Улуттук борбордун бөлүм башчысы Камалдин Жапаров жана ушул борбордун Жалал-Абад областындагы аймактык өкүлү Алишер Эрматов өлкөдө жана област аймагында кыйноолорго жана азап берүүлөргө каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири баяндама жасашып, Бул багытта област аймагындагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен эриш-аркак иш алып барып жатышканын белгилешти.

Алардын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында адам укуктарын сактоо жана кыйноолорду, азап берүүлөрдү болтурбоо, бул жагынан мыйзамдуулукту кармануу жагынан кыйла оң өзгөрүштөр болуп жатат. Мурда бул жаатта укук коргоо органдарынын, айрыкча милиция кызматкерлеринин арасында түшүнбөстүктөр болуп келсе, азыр абал жакшы жагына өзгөргөн.

Эске сала кетсек, 2016-жылы КАУБга Жалал-Абад областынан кыйноолор боюнча 15 арыз түшүп, анын негизинде 1 кылмыш иши козголгон. Ал эми КАУБга жалпысынан 153 билдирүү түшүп, КАУБ кызматкерлери 158 жолу билдирүүлөр боюнча барууларды уюштурушкан, анын ичинен 93 жолку баруулар убактылуу кармоочу жайларга жасалган. Ал эми быйылкы жылы ушул кезге чейин кыйноолор боюнча 5 арыз түштү.

Кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлоо боюнча мамиле кылуунун же жазанын түрлөрүн алдын алуу багытында кыйноологор каршы Улуттук борбор 13-24-июнь күндөрү бардык аймактарда ушундай ачык эшитер күнүн өткөрүп, бул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу чараларын уюштуруп жатат. Бул чаралар 26-июнда белгиленүүчү Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө арналууда.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: