Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ЖКдагы «Ресбулика-Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановду президенттикке алып чыгабыз дешип, эртең ишембиде Элдик курултай өтөт экен. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан адамдар келип, кары-жашы дебей Бабановду баарылап президенттик жарышка алып чыгууну көздөп жатышыптыр. Башка талапкерлер болсо мына ушул Бабановдой болушса дейбиз. Партиядан көрсөтүлгөн талапкерге караганда жалпы кыргыз эли көрсөткөн талапкер мыкты болот эмеспи. Эмесе эртеңки күндү күтөлүчү, элдин маанайын билеличи.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ