АКШ, Орусия жана Иордания өлкөлөрүнүн ортомчулугу алдында жарыяланган Сириядагы ок атууну токтотуу режими жекшемби күнү бузулган жок. Бул тууралуу байкоочуларга шилтеме кылып Франс пресс агенттиги билдирүүдө.
Ок атуу өлкөнүн түштүгүндөгү Дараа, Кунейтра жана Свиида провинцияларында токтоду. Сириядагы адам укуктарынын сакталышына байкоо салуу боюнча британ тобунун башчысы аталган үч аймакта өкмөттүк күчтөр менен оппозициялык топтордун ортосундагы согуштук аракеттер жекшемби эртең менентен тарта токтоп, ок атышпоо режими сакталып жатканын билдирди.
Макулдашуу тууралуу жума күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирген. Дүйшөмбүдө Женевада Сириянын өкмөтү менен оппозиция делегациясы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын өткөрүшү керек.
Май айында Астанада өткөн сүйлөшүүлөрдө Башар Асад режиминин союздаштары Орусия менен Иран жана козголоңчуларды жактаган Түркия өлкөдө төрт «деэскалация аймагын» түзүүнү макулдашкан. Бирок азырынча ал макулдашуу күчүнө кире элек, анткени тараптар Сириянын түштүгүндө жайгашкан коопсуз аймактардын бирин ким көзөмөлдөшү керектиги боюнча бир пикирге келише элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ