Menu

Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна барат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактары боюнча жумушчу сапарын улантууда. Өкмөт башчы бүгүн, 19-июлда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунундагы бир катар  инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү, ошондой эле ички жолдор менен таанышат. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, электр энергиясын колдонуу маселесин талкуулайт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  Бишкек-Ош авто жолунун  133-чакырымындагы тилкенин абалы жана Токтогул шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги асфальттоонун жүрүшү, Көтөрмө айылындагы насостук станциянын курулушу жана Үч-Терек айыл аймагындагы суткалык суу бөлүштүрүү бассейни менен таанышат.

Ал ошондой эле Арал айылындагы Т. Тешебаев атындагы орто мектептин, А. Керимбаев атындагы райондук маданият үйүнүн абалын көрүп,  Көтөрмө айылындагы К.Чокоев атындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен  таанышат. Мындан тышкары Токтогул шаарындагы Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, бактериологиялык  лабораториянын абалы менен таанышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: