Menu

Өкмөт тарабынан майыптарга берилчү батирлерди акчалуулар алышат…

Бөлүшүү:

Биздин редакцияга арыз-муңу менен кайрылган адамдар абдан көп. Тилекке каршы алар өкмөттөн, тиешелүү жергиликтүү бийликтегилерден маселесин чече албай, айласы кетип коомчулуктан жардам сурап жаткандар. Алардын бири Нурбаева Рахат эже. Кезекте туруп алчу тиешелүү батирине жетпей он беш жылдан бери убара тартып жүрүптүр.

-Редакцияга келгенициздин башкы себеби эмне?

-Кайрылуумдун себеби, 1991-жылы студенттик бейтапканада иштеп жатканда Ленин райондук администрациясына барып, батирге кезекке тургам, бирок канчанчы кезекте экенимди айтпай койгон, биз өзүбүз кат жөнөтөбүз деп. Андан кийин 2004-жылы уулум Нурбаев Максатты 1-группадагы инвалид детствага чыгаргандан кийин, 2006-жылы Эшкулова Гулира дегенге кайрадан кайрылып, керек болгон кагаздарды (справка) тапшырыңыз дегенинен баарын бүтүрүп келип тапшыргам, бирок, кайра эле кезегимди сурасам жооп жок. Ошол жылдан тарта кайрылганым кайрылган. Барсаң эле тиги кагаз, бул кагаз деп сурап эле кайсы кезекте экениңди айтпай, же такыр берилбээрин айтпай кетиришет. Көрсө Гулирага жогору жактан кезекке эч кимди тургузба деген буйрук бар экен. Кайра үзүлбөгөн үмүттүн аркасы менен 2011-жылы кайра кайрылганы барганымда Жунушакунова Чолпон деген кыз иштеп калыптыр ал мени кезектен алып салган. Эмне үчүн деп сурасам, фамилияңды туура эмес жазгансың деп бакырып койду. Булар коомчулукту тейлебей эле малга жасагандай мамиле кылышат. Муну укккандан кийин Акимге кирип араңдан-зорго кайра кезекке турдум. Кайра кезегимди билейин десем башка кыз экен, 96-кезекте экенимди айтты. Бир жыл жыйынтык болбогон соң кийинки жылы кайра кайрылсам Исаева Бермет деген кыз иштеп калыптыр, ал болсо, “эже сизди башынан эле Эшкулова Гулира кезекке койбой коюптур, сиз мага ушул техтин кагазын унутуп коюпмун деп арыз жазсаңыз мен так иштейм” деди. Мейли деп жазып берсем алар мени 98-орунга жылдырып салышты, эми кайрылсам быйылкы жылы 106-орунда турасыз дейт. Бери дегенде эле бул маселе менен алышып келе жатканыма 15 жылдын жүзү болду, айтышат сөз менен иш жүзүндө эч нерсе жок!

-Бул үй берилет деген маалыматты сиз кайдан уккансыз?

-Мен бул маалыматты радиодон, телевизордон билип, өзүңөрдүн районуңардын акимиятына кайрылгыла дегенден кайрылып келе жатам. Мындай айтылгандардан алгандар деле бар, бирок ошондо деле акчалуулар, алдын ала кезегин жылдыргандар. Мындай боло тургандан кийин анда эмнеге айтат. Бул жакта кайра эле жемкорлук, тааныш-билиштик чоң роль ойноп жатса, бизге окшогон үйү жок, майып адамдарды ким ойлойт.

-Балаңыз менен азыркы күндө кайда жашап, кантип күн өткөрүүдөсүз?

-Азыркы күндө Сокулук районундагы Гавриловка айылында сиңдимдин үйүндө жашап жатам. Өзүм 57 жаштамын, ал эми балам Нурбаев Максат 1-топтогу майып, сиңдим 2-топтогу майып экөөнү тең мен багам. Балама 3000(үч миң) пенсия, өзүм 2600(эки миң алты жүз) пенсия алам. Бул акча айдан айга араң жетет. Айтылган үйдү берип койсо бизге чоң жардам болоор эле, анткени 30 жашка чыккан баламды бирөөнүн үйүндө багуу албетте кыйынчылык жаратпай койбойт экен.

-Аталган маселе туурасында кайсыл жактарга кайрылып көрдүңүз?

-Бул тууралуу Ленин райондук администрациясына бир нече ирээт, Иса Өмүркулов мэр болуп турганда шаардык мэрияга, Темир Саривге жекече кайрылгам, андан кийин КРнын президенти А.Ш. Атамбаевге, прьемер-министри Сооронбай Жээнбековго жана Бишкек шаарынын азыркы мэри Албек Ибраимовго кайрылып көрдүм.

-Алардан кандай жооп алдыңыз?

-Райондук администрация кагып-силкип же кезегимди же чын берилээрин же берилберин айтпай орой мамиле менен узатышса, Мэрия районго жөнөттүк алар карап чечип берет деди, жогору жак деле ошентип айтты, ал эми жакынкы күндө кайрадан кайрылсам турак-жай комиссиясы салынган, бүткөн муниципалдык үйлөр жок деп гана жооп беришти. Мындай окуя менде эле эмес да, үстүдөгүлөр карапайым элдин көйгөйүн чечпесе анда эмнеге манчыркап элди бийлеп олтурат түшүнбөйм. Бизге окшогон кембагалдарга жардам берип коюшса Алланын алдында чоң сооп болоор эле.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: