Кечээ, 7-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулло Ариповдун телефондук сүйлөшүүсү болду. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтык боюнча кыргыз-өзбек Өкмөттөр аралык комиссиянын жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демилитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына даярдыктарды талкуулашты.
«Биз сизди жана Өзбекстандын делегациясын Кыргызстанда көрүүгө кубанычтабыз», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков, өзбек кесиптешине кайрылуусунда.
Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында 15-17-августа өтүүчү Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын октябрында өзбек маданият күндөрүн өткөрүүгө өзбек тараптын даярдыгын тастыктады. Ал ошондой эле кыргыз тарапка 2017-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында авто кырсыкка кабылган Өзбекстан Республикасынын жарандарына өз убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзбек тарапка Ош шаарында 630 окуучу орундуу жалпы билим берүү мектебин куруу тууралуу чечими үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалымат: 2017-жылдын 5-августунда Ысык-Көл облусунда авто кырсыктан жабыркаган Өзбекстан Республикасынын 6 жараны атайын каттам менен Ташкент шаарындагы Республикалык шашылыш медициналык илимий-изилдөө борборуна жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ