2017-жылдын 7-августунда КР БШК Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону 2017-жылдын 25-августунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүүнү дайындады. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирет.
Чечим 2017-жылдын 7-августунда өткөн Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясында кабыл алынган. Анда шаардык кеңештин төрагасы болуп Азимкул Боромбаев шайланган.
Шаардык кеңештин төрагасы кызматына эки талапкер: “Эламан” фракциясынан Т.Сүйүмбаев, “Мекеним Кыргызстан” фракциясынан А.Боромбаев ат салышкан. Шайлоо жашыруун добуш берүү менен өттү. Жеңүүчү катышып отурган 30 депутаттын 18 добушун алган.
КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесинин 3-статьясына ылайык, кеңештин төрагасын шайлоо жалпы депутаттардын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда шайлоо өттү деп эсептелинет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ