Украиналык “Страна.ua интернет басылмасынын кеңсесинде жана анын кызматкерлеринин үйүндө тинтүү иштери жүрүүдө. Басылманын сайты штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы кабарлады.
Украинанын Коопсуздук кызматы билдиргендей, укук коргоо органдарынын кызматкерлери компьютерлерди карап, кеңседен мамлекеттик сырды камтыган материалдарды издөөдө.
Өткөн аптада украин ММКлары “Страна.ua” басылмасынын башкы редактору Игорь Гужвадан Коргоо министрлигинин жашыруун маалыматтары камтылган флешканы табышканын билдиришкен. Медиаменеджер муну четке кагып, жалган нерсени ойлоп табышканын айткан.
Игорь Гужва пара талап кылууга айыпталып камалган. Кийинчерээк ал кепилдик менен бошотулган. Тергөөнүн маалыматы боюнча медиаменеджер саясатчылардын бири тууралуу компроматты жарыялабоону убадалаганы үчүн пара алган. Гужава болсо куугунтуктоолорду украин депутаттарынын бирин сындаган материалына байланыштырууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ