Menu

Милиция кызматкерлери мал уурулук менен алектенип жүргөн топту кармашты

Бөлүшүү:

2017-жылдын 2-июль күнү Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнө 42 жаштагы А.Ж. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 15-июндан 16-июнга караган түнү сарайдан 3 баш уй уурдалганын билдирген. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы фактыга Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ош облусунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында Ноокат районунан мал уурулук менен алектенген 32 жаштагы М.Д., 30 жаштагы А.А., 25 жаштагы З.Б., 23 жаштагы Ж.З., 22 жаштагы О.А. жана 18 жаштагы У.Ф. аттуу Ош облусунун жашоочулары кармалган. Тергөө учурунда кармалган жарандар башка мал уурдоо боюнча 8 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган.

Азыркы убакта жогорудагы кылмыш ишине шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: