2017-жылдын 19-август күнү болжол менен саат 09:30 чамасында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен жарандар өтүп бара жатышып, киши колдуу болуп өлгөн 40-45 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денесин көрүшүп, милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу келишкен. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чарасын жүргүзүүнүн натыйжасында кылмышка шектүү делип 22 жаштагы Н.У. аттуу Ош облусунун жашоочусу кармалган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) незгизинде кылмыш иши козголгон.
Азыркы убакта шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Кармалган жарандын айтуусу боюнча экөөнүн ортосунан чыр чыккандан кийин мушташа кетишип, өлгөн адам оор жаракат алып, мерт кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ