Menu

Сапар Исаков: Мурдагы жылдарга салыштырмалуу газдын баасы инфляцияны эске алганда да бир нече эсе арзан

Бөлүшүү:

«Мурдагы жылдарга салыштырмалуу газдын баасы инфляцияны эске алганда да бир нече эсе арзан. Бул биздин Россия Федерациясы менен болгон стратегиялык мамилебиздин бекемдигинен кабар берет», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-августта, «Газпром Кыргызстан» ЖЧК жаңы административдик имаратынын ачылышын аземинде. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы компаниянын кызматкрелерин белгилүү дата менен куттуктап, 10 жылдан бери Кыргызстандын рыногуна кирген «Газпром» компаниясы өлкөнүн бюджетине 1 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө каражат төлөгөнүн билдирди.

Премьер-министр бул көрсөткүчтүн уникалдуу экенин айтуу менен, өлкөнүн экономикасына кошкон салымы үчүн «Газпром» ЖЧК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерге ыраазычылыгын билдирди.

«Компаниянын социалдык жоопкерчилиги тууралуу өзүнчө айтып кетким келет. «Газпром» компаниясы биздин өлкөдө абдан көп долбоорлорду ишке ашырды. Бул жетишкендиктерди биз реалдуу колдонуп келе жатабыз. Компаниянын программасына ылайык өлкөнүн бардык аймактары көгүлтүр от менен камсыз болот», – деди Сапар Исаков.

Мындан сырткары иш чаранын алкагында Өкмөт башчы «Бухара – Ташкент-Бишкек-Алма-Ата» магистралдык газ түтүгүнүн, «Сокулук» газ бөлүштүрүү станциясынын ишке берилиши жана Ала-Тоо жаңы конушуна газ берүү иш чарасына теле көпүрө аркылуу катышты.

«Бухара — Ташкент — Бишкек — Алма-Ата» газ өткөрүү түйүнү— Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин газ менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында иштелип чыгып, ишке ашып жаткан Башкы схеманын алгачкы долбоору болуп саналат. Курулган участокту ишке киргизүү менен, өлкөдөгү газ түйүндөрүн колдонуу эки эсеге жогорулап, ишенимдүүлүгү артат.

«Сокулук» газ бөлүштүрүүчү жаңы станциянын ишке кириши Чүй облусундагы ишканаларга жана жалпы колдонуучуларга газды ташып келүүдө жогорку сапаттуулукту камсыз кылат. Анын пландык кубаттуулугу суткасына 240 миң м3 түзөт.

Ал эми «Ала-Тоо» жаңы конушундагы газ түтүктөрүнүн ишке берилиши ал жердеги 6000 жаранды көгүлтүр от менен камсыз кыла алат.

Мындан сырткары Премьер-министр Сапар Исаков «Газпром» активдүү эмгектенген кызматкерлерине Өкмөттүк сыйлыктарды тапшырды.

“Бухара – Ташкент – Бишкек – Алма-Ата” долбоорун ишке ашырууда жана аны аягына чыгарууда мыкты кызмат көрсөткөндүгү үчүн төмөнкү кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды:

– Аникеев Станислав – «Стройгазконсалтинг» ЖЧК башкы директору;

– Варламов Николай – Долбоорлоо боюнча Москва филиалынын директорунун орун басары – «Газпром долбоорлоо» ЖЧК башкы инженери;

– Куликов Антон – «Газпром трансгаз Москва» ЖЧК башкы директорунун жардамчысы;

– Спектор Юрий – «Газпром долбоорлоо» ЖЧК башкы директорунун биринчи орун басары.

Ошондой эле дене-тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен «Газпром Кыргызстан» ЖЧК башкы директорунун орун басары Сабырбек Акимбаев сыйланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: