Menu

Нарында “Маяк” аталышындагы рейд өтүп, 10го жакын айдоочуга карата административдик чаралар көрүлдү

Бөлүшүү:

Акыркы убакта көк түстөгү жаркылдоочу маягы же үн чыгаруучу атайын сигналы иштетилген транспорт каражаттары жакындап келе жаткан учурда тоскоолдуксуз өтүүшү үчүн айдоочу жолду бошотуп бербей жатканына байланыштуу Нарын шаарынын жана Нарын облусунун аймагында Нарын ОИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн өздүк курамы “Маяк” аталышындагы рейдин уюштурушту. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Рейдтин максаты- жаркырак маякчалар жана атайын бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын багыттагы автоунаанын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, андан сырткары, айдоочуларга атайын бийик үн чыгаргычтары бар унааларды тоскоолдуксуз өткөрүүнү эстетүү.

Рейдтин жыйынтыгы менен 10 айдоочуга жол кыймылынын эрежелеринин 3.3 бөлүмүн (Көк түстөгү жаркылдоочу маягы же үн чыгаруучу атайын сигналы иштетилген транспорт каражаттары жакындап келе жаткан учурда алардын жана алар коштогон, фараларынын жакынкы жарыктары иштетилүүгө тийиш болгон башка транспорт каражаттарынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн айдоочулар жол берүүгө тийиш) бузгандыгы үчүн протоколдор толтурулуп, 500 сом өлчөмундө айып пул төөлөөгө милдеттендирилди.

Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик кодексинин 231-берененин 1-бөлүгү: Транспорт каражаттарынын жолдо жүрүү эрежелерин бузушу же жол кыймылына тоскоолдук кылышы, ошого тете болгон жаркырак маякчалар жана атайын бийик үн чыгаргычтар менен жабдылган атайын даярдалган автоунаалар менен мотоциклдердин тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылбаса -эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ушул эле аракет, жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн тарабынан жасалганда – эскертүү берүүгө алып келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: