Menu

БШК экинчи турга даяр

Бөлүшүү:

Өлкөнүн келээрки Президентин тандап алуу үчүн болуп жаткан шайлоо экинчи тур менен жыйынтыкталаары башынан эле айтылып келет. Анда алдыга озуп чыккан эки азаматыбыз экинчи турду камсыздап, кайрадан шайлоо өнөктүгү жүрөт. Айрым аналитиктердин берген билдирүүлөрүнө караганда экинчи тур болуп, ага Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбековдун болушу болжолдонууда. Айрым маалымат булактары бийлик биринчи тур менен жыйынтыктайт десе, айрым серепчилер эки тур менен өтпөсө бийликтин “шайлоону адалдоо” аракети билинип калаарын айтышат. Калк айтса калп айтпайт эмеспи, коомчулук шайлоо эки тур менен өтөт деп ишенүүдө. Буга БШКда даярдык көрүп койгондугу байкалат. БШК шайлоону өткөрүү боюнча иш пландарынын ичине, экинчи турга керектелчү чыгымдардын суммасын да ачык эле айтып чыкты. Шайлоо өткөрүү үчүн жалпы 671 млн.502,1 миң сомдук чыгымдын сметасы каралып, анын ичинен биринчи турга – 538 млн 830,1 миң сом, экинчи турга – 132 млн 672 миң сом каралганы айтылат.

Булак: “Айкын саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: