Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө 34 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Себеби 2017-жылдын 6-сентябрь күнү болжол менен саат 23:40 чамаларында, белгисиз адам анын короосунун сыртында байланып турган эки баш маалын уурдоого аракет жасаган, – Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорудагы факты боюнча тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш- жаза кодексинин 28-165-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында Кара-Кулжа РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кара-Кулжа районунун 22 жаштагы З.М. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ