Menu

Ангела Меркель ашкере-оңчулдардын мүдөөсү эске алынарын билдирди

Бөлүшүү:

Берлин борборунда жүздөгөн кишилер фашизмге жана “Германия үчүн альтернатива” жаңы парламенттик партиясына каршы ураандар менен нааразылык акциясына чыгышы.

Германия канцлери Ангела Меркель “Германия үчүн альтернатива” партиясына добуш берген жарандардын мүдөөлөрүн угарын билдирди. Меркелдин миграциялык саясатына каршы чыккан шайлоочулардын 13% оңчул популисттерге добуштарын беришкен. Алар Германияга Борбор Азия, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Америка өлкөлөрүнөн мигранттардын агылып келишине Меркель күнөөлүү деп эсептешет.

Жекшемби күнү кечинде Берлин борборунда немис жана англис тилдеринде антифашисттик ураандар менен жүз миндеген шайлоочулар чогулушту. Алар оңчул күчтөрдүн тарапташтарына демократиялык баалуулуктарды колдой турушканын эскертишти. Аянтка полиция бөлүктөрү тартылды. Euronews кабарлагандай, манифестанттардын саны өсүүдө.

Германияда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала (экзитпол) жыйынтыктарына ылайык, канцлер Ангела Меркел жетектеген саясий биримдик добуштардын 33 пайызын алып, биринчи орунга чыкты.

Канцлердин Христиан-демократтар партиясы бул жолку шайлоого Бавариянын Христиан-социалдык партиясы менен чогуу катышты.

Мартин Шульц жетектеген Социал-демократтар партиясы добуштардын 20 пайызына ээ болду. Шульц тарапкерлеринин алдына чыгып сүйлөп, шайлоодо утулганын моюнга алды. Ал өз партиясы оппозицияга кетерин жарыялады.Исламга жана миграцияга каршы кескин чакырыктары менен бул шайлоого катышкан “Германия үчүн альтернатива” партиясы 13,5 пайыздык добуш топтоп, Германиянын парламентиндеги үчүнчү ири партияга айланды. Ошондой эле Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин биринчи жолу Бундестагга кирген ашкере-оңчул партия болуп калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: