Menu

Казакстан абактагылардын санын кескин азайтууга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Казакстан бийлиги түрмөгө отургандардын санынын айзайганын билдирүүдө. Ички иштер министри Калмуханбет Касымов маалымдагандай, абактагылардын саны 2011-жылы 57 миң болсо, быйыл 35 миңге чейин кыскарган.

“Эгер 15 жыл мурун түрмөдөгүлөрдүн саны боюнча Казакстан Кошмо Штаттар менен Орусиядан кийин эле үчүнчү орунда болсо, учурда 68-сапта”,- деди министр. Ал эркинен ажыратуудан бөлөк кылмыш жазаларын колдонуу аркылуу түрмөдөгүлөрдүн санын дагы азайтуу пландалып жатканын билдирди. Жоопкерчиликке тартылгандардын көбү пробация кызматы менен полициянын көзөмөлү алдында болот.

“Буга чейин бизде пробациянын өкүм жана жазасын өтөп бүткөндөн кийинки түрлөрү гана болгон. Жаңы мыйзамга ылайык, январдан тарта– сотко чейинки жана жазасын өтөө учурундагы кошумча эки модели киргизилди. Башкача айтканда азыр пробация алгач ирет мыйзам бузган кишинин кайрадан кылмышка баруусунун алдын алган бардык иштерди камтыйт”, – деди Касымов.

Жыл сайын Казакстанда алты миңдей киши көзөмөлдө болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: