Борбордук шайлоо комиссиясы диний аалым, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасына үгүт жүргүзгөнү боюнча арызды карады. Жыйында Чубак ажы Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абадда шайлоочулар менен жолугушуусуна конок катары барганы, аны иш-чаранын уюштуруучусу, президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев чакырганы айтылды. Буга байланыштуу Чубак ажыны эки миң сом айыпка жыгуу маселеси көтөрүлүп, Камчыбек Ташиевге эскертүү берилди.
Ошондой эле БШК өзүнүн токтому менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга бардык диний конфессиялардан үгүт иштерине катышпоосун талап кылган кайрылуу жибермей болду. БШКнын бул чечими «айран ичкен кутулуп, табак жалаган тутулат» дегенди эске салды. Дегенибиз, Чубак ажы Жээнбековго үгүт кылып жатса, анан кандайча эскертүүнү талапкерлигин алып жаткан Ташиев алыш керек деген кызыктай суроо жаралбай койбойт. Мындай кызык бир эле бизде болот, ээ-эй.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ