Menu

Бегалы Наргозуев, Сөз эркиндигин коргоо комитетинин теңтөрагасы: “Атамбаевдин сөзүнүн биринчи бөлүгү Назарбаевге, экинчиси Путинге багытталды”

Бөлүшүү:

-Президент А.Атамбаев БУУнун трибунасынан туруп Кыргызстандын шайлоочуларына “кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли, кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосун” деп кайрылды. Адатта биздеги шайлоолорго коңшу Казакстан менен Орусия кийлигишип келгендиктен, бул сөздөр алардын лидерлерине карата жолдонгон салам катары кабылданууда. Сиз кыргыз ажосунун бийик трибунадан туруп айткан мындай сөздөрүн канчалык орундуу деп ойлойсуз?

Албетте орунсуз сөз болду. Өзү ага чейин окуп берип жаткан сөздөрүнө акырында өзү каршы сүйлөп жиберди. Ал жерде дүйнөнүн 200дөй өлкөсүнүн өкүлдөрү олтурган. “Акыркы 6 жылда Кыргызстан болуп көрбөгөндөй өзгөрдү, биз эми чыныгы көз карандысыз, өсүп бараткан мамлекетке айландык , мындан ары биз өз тагдырыбызды өзүбүз чечебиз, эл азыр башка болуп калды деп мактанып жатып эле акырында “айланайын кыргыз элим, коңшу мамлекеттердин жетекчилеринин, байларынын тилине кирип кетпегиле, кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли, кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосундеп эле жалынып  жиберсе болобу.  Мындай сөздөр айла кеткенде айтылчу сөздөр да.  Ошол жерде олтурган дүйнө мамлекеттеринин өкүлдөрү эмне деп ойлоп калышты? Бул байкуштун эли мунун сөзүн укпай эле коңшу мамлекеттердин жетекчилеринин, байларынын сөзүн угат турбайбы. Анда жанатан бери неге “акыркы 6 жылда эл башка болду, мамлекет башка болду” деп мактанып жатты эле? дешти го. Анын өзүн-өзү кармай албай, ички эмоциясын БУУнун трибунасынын төгүп жиберишине албетте Бишкектен барган маалымат – Назарбаевдин Бабановду кабыл алышы болду.  Атамбаев билген, Назарбаев Бабановго жолукканга чейин Путин, Бердымухамедов, Мирзиёевдер менен жолукканын, албетте башка маанилүү маселелер менен катар алар коңшу Кыргызстандагы президенттик шайлоону, андагы талапкерлердин деңгээлин талкуулашканын билген. Алар анын мураскерин колдойт деп үмүт кылган. Колдобой турганын түшүнгөндө жаны кашайып, БУУнун трибунасынан бугун чыгарып алды. Назарбаев Путин менен акылдашпай туруп Бабановду чакырбасын да билет.  Ошондуктан Путинге да нааразычылыгын билдирип жатат. Сөзүнүн биринчи бөлүгү Назарбаевге багытталса, экинчи “кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен марш ойнобосундеген бөлүгү Путинге багытталып жатат. Эсиңерде болсо өзүнүн мураскери катары Путинди бийликке калтырган орус президенти “Ельцин Акаевдин башына кашык менен марш ойногон” деген ушак тараган. Ошол ушакты пайдаланып, кыргыз элин Россия менен Казакстандын тилине кирбегиле дегендей кайрылып жатат. Бирок, Атамбаев акыркы 6 жылда толук Россиянын  жетегинде жүрбөдүбү? Россия каалагандай калчап, Кыргызстанга жылына 250 миллион доллар пайда киргизип жаткан АКШнын аскер базасын чыгарсаң биз 1 миллиард доллардык ГЭСтерди куруп беребиз деп алдап, “эшеги ылайдан өткөн соң”  Кыргызстанды шылдыңдап, ГЭСтерди курбай, кайра 37 миллион долларга карыз кылып койбодубу? Бул түшүнгөн кишиге башка кашык менен чапкандан кем эмес. Же болбосо Евразиялык союзга кирсеңер 180 млн адамдык рынок ачылат деп коюп, азыр Кыргызстандан барган товарларды ар кандай шылтоолор менен киргизбей артка кайтарып жатпайбы? Ошондуктан Атамбаевдин айткандары бүт өз башынан өткөндөрү, эми аны башкаларга оодара салганы күлкү келерлик иш. Бабановдун казак президенти Назарбаев менен жолукканын айыптаган Атамбаев 2011-жылы президенттик шайлоого 10 күн калганда өзү Путинге барып жолугуп, андагы фотолору менен видеотасмасын кеңири таратпады беле? Ушул традицияны өзү негиздеп алып, эми ага чычалаганы кызык болуп жатат.  Коңшу президенттер кайсы бир талапкерлерди колдошу мүмкүн, бирок баары бир эл добуш берет, эл чечет. Эл көрөгөч болот. Андан көрө биздин бийлик ошол элдин добушун будамайлашпай так эсептеп беришсе жакшы болот эле. Анан ушул сөздү БУУнун трибунасынан айтып дүйнөгө шылдың болбой эле башкача жасаса болот эле да. Жанында маалымат кызматы, видеооператору, сүрөтчүсү коштоп жүрөт. Эгер Назарбаевдин Бабановду кабыл алганына карата элге кайрылгысы келсе нейтралдуу фондо же кыргыз элчилигинде видеокайрылуу жасаса болмок да. Ушунчалык дүрбөлөң түшүүнүн кажети бар беле?

-Атамбаевдин жогорудагы сөздөрүнө катар Казакстандын президенти Н.Назарбаев “жалгыз Алматанын экономикасы жалпы Кыргызстандын ИДПсынан 5 эсеге кубаттуу” деп мисал келтирди. Бул жөн гана дал келүүчүлүкпү же Назарбаев-Бабанов жолугушуусуна кыргыз бийлигинин “калпыс” реакциясына жана Атамбаевдин БУУдагы аларга да тийише айткан сөздөрүнө Н.Назарбаевдин берген жообу болдубу?

Назарбаев кыйыта Атамбаевге жообун берип, эми айтышып олтурмак белем дегендей кылды го. Жакында эле “Назарбаевдин колдоосу менен бир тууган Казакстан бизге, Кыргызстанга 100 миллион доллар жардам берди” деп Атамбаев өзү баш болуп жар салып жатышпады беле. Алтургай ал келишим жакында эле ратификацияланып, Атамбаевге ага өзү кол койду го. Өзүбүз алардын көзүн карап жардам сурап жүрсөк, анан “жылкыңа ченеп ышкыр, мурдуңа ченеп бышкыр” деген кыргыздын акылдуу сөзү бар эмеспи. Биздин экономиканын мышык ыйлагыдай абалын, экономиканы башкарган адамдардын деңгээлин алар билет да, ошондуктан Алматынын экономикасы менен салыштырып жатат. Чынында Атамбаевдин башкаруусундагы акыркы 7 жылда Кыргызстандын экономикасы эмне болду? Бюджет 2005-жылдагы революциядан 2010-жылдагы революцияга чейин 5 жылда 450 миллион доллардан 1,8 миллиард долларга чейин, 3 эсе өскөн болсо 2010-жылдагы революциядан бүгүнкү 2017-жылга чейин, 7 жылда 2 миллиард доллардын тегерегинде калды. Өсүш болгон жок. Кыргыз ишкерлери үчүн бажы төлөмдөрү 3 жолу көтөрүлдү. Натыйжада көптөгөн ишкерлер банкрот болуп, ишканалар жабылды.  Ички дүң продукция өспөй, артка кетти. Соода балансы минуска түштү. Бюджеттин тартыштыгы өстү.   Демократия, сөз эркиндиги чектелди. Сот системасы, алтургай парламент президенттик аппараттын бир бөлүмү болуп калды. Кыскасы, эгер бир региондун өкүлү бийликке келсе эле баары жыргап кетет деген миф талкаланды. Ошондуктан регионализмге таянып саясат жасоону мыйзам түрүндө тыюу салууга убакыт жетти.

-Ал эми Орусиянын Росбалт маалымат агенттиги жакында В.Путиндин кыргыз ТВсына Атамбаев тууралуу айткан пикирине назар салып, “Путин Атамбаев тууралуу көп жылуу пикир таба албады, болгону “жакшы ыр жазат” – деп баалады” – деген макаласын жарыялады… Буга кандай дейсиз?–

-Росбалт маалымат агенттиги Кремлге, ФСБга жандап жүргөн, алардан алган маалыматтарды анализге пайдалангандыгы менен белгилүү агенттик. Ошондуктан ал макалада айтылган маалыматтар бул Путиндин дипломатиялык тилде айталбаган маалыматтары, ойлору деп эсептейм. Баарынан кызыктуусу Кыргызстанга Россия берген 200 млн доллар кредитти биздин бийлик Россияда 4% менен калтырып, Кыргызстанга 15 миллионун гана алып келип, аны да 30%дан кыргыз жарандарына берип жаткандыгы тууралу маалыматты мурун кыргызстандыктар айтып келсе эми орус бийлигине жакын маалымат каражаттары айтып жатат. Кыргызстандын экономикасынын бүгүнкү мышык ыйлагыдай абалын цифралар менен далилдеп, биздин бийликтин ыр жазгандан башка колунан эч нерсе келбейт экен деп жыйынтык чыгарганы бул бир ММКнын эмес орус бийлигинин пикири экенин бөркүңүздөй көрүңүз.

Кубат Айбашов

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: