Талас ОИИБнин кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы ыкчам иликтөө иш-аракеттерин жүргүзүп, натыйжасында сарайынын жанына баңгизатын мыйзамсыз өстүрүп жаткан жаранды кармашкан. Бул туурасында Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Талас районунун 59 жаштагы А.К. аттуу тургунуна тиешелүү Кең-Кол өзөнүндөгү мал сарайы текшерилип, короосунун жанындагы жер тилкесинен өстүрүлгөн баңгизат өсүмдүгү табылган.
Табылган өсүмдүк экспертизага жөнөтүлүп, бүгүнкү күндө жогорудагы факты боюнча Талас ОИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ