2017- жылдын 3- октябрь күнү Чүй ОИИББнин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш- аракеттери жүргүзүлүп, натыйжасында Ново-Покровка айылынын көчөлөрүнүн биринен 54-жаштагы Ш.П. аттуу жергиликтүү тургуну кармалган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Текшерүү учурунда сумкасынын ичинен сайсыз 16-калибрдеги номуру өчүрүлгөн бир ооз мылтык табылып алынган. Азыркы учурда бул факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ