Иран менен Түркиянын президенттери ирактык күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча референдумунан кийин чөлкөмдө калыптанган чек араларды өзгөртүүгө жол берилбей турганын жарыялашты.
Иран президенти Хасан Роухани аймактагы стратегиялык максаттарды коргоо үчүн Түркия, Иран жана Ирак олуттуу чараларды кабыл аларын түрк кесиптеши Режеп Тайып менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Бирок ал кандай чаралар кабыл алынарын так айткан жок.
25-сентябрдагы референдумда Ирактын Күрт автоном аймагында добуш берген 3,3 миллион шайлоочунун кеминде 92 пайызы Күртстандын көз карандысыздыгын колдошкон.
4-октябрда Тегеранга келген түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган ирактык күрттөрдун референдумун мыйзамсыз деп атады.
Расмий Багдад да Күртстан жетекчилигинен референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, антпесе күрттөр аскердик кийлигишүүгө кириптер болорун эскертүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ