Menu

АКШ менен Түркия бири-биринин жарандарына виза берүүнү токтотту

Бөлүшүү:

Жекшембиде АКШнын Анкарадагы элчилиги Түркиянын жарандарына виза берүүнү убактылуу токтотконун билдирди. Көп өтпөй Вашингтондогу түрк элчилиги дагы ушундай эле мазмундагы билдирүү жасады.

АКШнын бул чечими өткөн аптада Стамбулда америкалык дипломаттын кармалышына жооп болду. Кошмо Штаттардын пресс-релизинде жазылгандай, визалар Түркия америкалык элчилердин коопсуздугун кепилдей ала тургандыгына АКШнын көзү жеткенге чейин берилбейт.

Эки өлкөнүн мамилеси Вашингтондун Сириядагы күрттөрдү колдогондугунан улам начарлап кеткен. Сириядагы күрттөрдүн союздашы эсептелген Түркиядагы Күртстан жумушчулар партиясы өлкөдө террордук уюм деп табылган.

Андан тышкары мамилелердин начарлашына Түркиянын НАТОго мүчө эмес Орусиядан зениттик-ракеталык комплекстерди сатып алуусу жана АКШда жашаган диний ишмер Фетхуллах Гүлендин экстрациясын талап кылуусу дагы себеп болгон. Анкара оппозициячыл динаятчыны 2016-жылы июндагы мамлекеттик төңкөрүш аракетин уюштурган деп айыптоодо.

Стамбулда кармалган америкалык дипломат тыңчылыкка жана Гүлен менен жашыруун байланышта болгон деп айыпталууда. Мамлекеттик департамент түрк тараптын мындай айыптоосун «далилсиз» деп мүнөздөдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: