Menu

Сапар Исаков: Кыргыз Республикасы КМШнын алкагында өз ара кызматташууну бекемдөөнү улантат

Бөлүшүү:

«Кыргыз Республикасы КМШнын алкагында өз ара кызматташууну  жана өлкөлөр аралык докстук мамилени бекемдөөнү улантат», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Сапар Исаков бүгүн, 11-октябрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкө башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусунда. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы КМШнын алкагында кызматташуу боюнча Кыргызстандын позициясы өзгөрүүсүз бойдон калганын жана КМШ мамлекеттеринин интеграциясын бекемдөөгө жана көп тармактуу форматта аны өнүктүрүүгө багыттала турганын  баса белгиледи.

«КМШнын былтыркы  юбилейлик жылы Уюмдун ишиндеги эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча талкуулар менен өттү. Жыйынтыгында биз кызматташтык көп тармактуу дээрлик бардык багыттарды өзүнө камтыган ийгиликтүү алакаларды бекемдеген таризде өттү деген тыянакка келдик», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр мамлекет башчыларынын өткөн жылдагы кеңешинин жыйынына кызматташтыктын алкагында, учурдун талабына ылайык мамилелерди бекемдөө жана андагы жаңы шарттарга көнүү багытында тапшырмалар берилгенин, бүгүнку күндө алардын бардыгы аткарылганын билдирди.

«Мындан улам ишенимдүү түрдө биринчи кадамдар – КМШнын ишиндеги эффективдүүлүктү жогорулатууга багытталган иштер аткарылды десек болот. Бул процесс мындан ары туруктуу болуп, кызматташтык дагы да болсо бекемделиши керек», — деди Сапар Исаков.

Аны менен катар Өкмөт башчы иштин эффективдүүлүгүн жогорулатууда тармактык органдардын ишинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул социалдык-экономикалык чөйрөдөгү оң жыйынтыктарды бере турганын кошумчалады.

«Буга байланыштуу кыргыз тарап алардын ишмердүүлүгүнө анализ жүгүзүп, бирин-бири кайталаган же окшош милдеттерди аткраган түзүмдөрдү кыскартуу боюнча чечим кабыл алууну тууру деп эсептейт», — деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы ошондой эле КМШнын алкагында өз ара кызматташуунун маанилүү элементи КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар миссиясынын иши экенин белгиледи.

Сапар Исаков алардын талапкерлерди көрсөтүү жана Кыргызстанда президенттик шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүү миссиясынын өкүлү курамын түзүүдө КМШ аткаруу комитетине ыраазычылык билдирди.

«Бизде ачык-айкындуулук менен жогорку денгээлде шайлоону өткөрүү үчүн бардык шарттар, ошондой эле күчтүү саясий эркибиз бар. Кыргызстандын эли эркин жана демократиялык жол менен шайлоо аркылуу бийликти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ишенет. Бул жагынан алганда, бардык саясатчыларга жана саясий партияларга шайлоого катышуу үчүн бирдей шарттар түзүлгөн», — деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей шайлоонун алдында болуп жаткан үгүт иштери ички мыйзамдардын жана эл аралык нормалардын талаптарына шайкеш келип, чет элдик байкоочулардын көзөмөлүндө жүргүзүлүшү керек.

«Шайлоонун жыйынтыгы ачык жана таза күрөштүн жемиши болушу шарт. Крыгызстандын эли үчүн башка варинттары туура келбейт жана ага жол берилбейт», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр бүгүнкү КМШ мамлекеттеринин өлкө башчыларынын жыйыны мындан аркы конструктивдүү кызматташуунун негизи болуп каларына ишеним артарын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: