Menu

Сапар Исаков гемодиализ борборунун иштеши үчүн медициналык жабдууларды убагында жеткирүүнү камсыздоону тапшырды

Бөлүшүү:

Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Балыкчы шаардык аймактык ооруканасындагы гемодиализ борборунун абалы менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Аталган борбор жаңы заманбап жабдуулары менен жеке ишкер Мирлан Исагалиевдин каражатына курулган. 2017-жылдын 1-июнунан баштап борбор бейтаптарды бюджеттик негизде кабыл ала баштаган.

Премьер-министр Мирлан Исагалиевге ыраазычылыгын билдирип, өлкөдө мындай кайрымдуулук иштери башкаларга үлгү катары болушу керектигин  баса белгиледи.

«Өлкөдө жакшы медицина тармагындагы адистер бар, алар толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзүп берүү керек. Аталган борбор медицна кызматкерлерине тиешелүү шарттарды түзүү жана бейтаптарга мыкты тейлөө көрсөтүү жагынан башкаларга үлгү болууда», – деди ал.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, гемодиализ көйгөйү өлкөдө абдан оор  жана аны чечүүгө комплекстүү чаралар керек. Кээде бейтаптар дарылануу үчүн өз мүлктөрүнүн баарын сатууга аргасыз болууда.

Премьер-министр Сапар Исаков саламаттыкты сактоо министрлигине борбордун иштешин үчүн медициналык жабдууларды убагында жеткирүүнү камсыздоону  тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: