Талас районунун Кара-Сай айылындагы ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унааанын айдоочусу рульду башкара албай, жолдон чыгып, оодарылып калган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 13-октябры күнү саат 05:55де КР ӨКМнин №101 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Талас районунун Кара-Сай айылындагы ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унааанын айдоочусу рульду башкара албай, жолдон чыгып, оодарылып калган жол кырсыгы болгон жерге барышкан. Автоунаанын ичинде 2 адам болгон, куткаруучулар адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ