Menu

Вашингтондо сот Дерипасканын Associated Press агенттигине каршы доосун четке какты

Бөлүшүү:

Вашингтондо федералдык сот орусиялык бизнесмен Олег Дерипасканын Associated Press маалымат агенттигин жалаа жабууга айыптаган арызын четке какты. Миллиардер Дональд Трамптын шайлоо штабынынын мурдагы башчысы Пол Манафорт менен ыктымал байланышы тууралуу макаладан кийин май айында сотко кайрылган.

Федералдык соттун билдирүүсүндө доочу талаптарын негиздеп бере албагыны үчүн арызы четке кагылганы айтылат.

“Дерипаска доосунда AP агенттигинин материалындагы фактыларды талашкан эмес. Себеби макала анын өмүр баянына жана Орусиянын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алуудагы ролуна байланыштуу болгон”, -деп айтылат билдирүүдө.

Мартта агенттик Манафорт 10 жыл мурун Дерипаска менен жашыруун кызматташып, америкалык саясатта, бизнесте жана медиада Кремлдин кызыкчылыктарын алдыга чыгаруу боюнча стратегиялык план иштеп чыкканын жазган. Associated Press бул маалыматтарды төгүндөөдөн баш тарткан.

Дерипаска Путиндин өкмөтүнүн пайдасы үчүн Манафорт менен жылына 10 миллион долларлык келишим түзгөнү тууралуу маалыматтарды жалган деп атап, бул боюнча АКШ Конгрессиндеги угууларда айтып берүүгө даяр экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: