Menu

Атамбаев сот системасынын кызматкерлери үчүн көп батирлүү эки үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула салды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 21-октябрда, сот системасынын кызматкерлери үчүн көп батирлүү эки үйдүн курулушу түшкөн жерге капсула  салды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мамлекет башчысы  ири панелдүү эки  турак жайдын курулушу түшкөн жерди кыдырып,  курулуштун башкы планы менен таанышып чыкты.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен  Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөнүн сот  системасынын кызматкерлери үчүн курула турган үйдүн фундаментине капсула салышты.

Президент  акыркы жылдары  мамлекет  аскер кызматкерлерин, чек арачыларды, куткаруучуларды, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл буруп жатат. Алмазбек Атамбаевдин айтымында  бул масштабдуу иш  мындан ары дагы улантылып,  мындан ары дагы мамлекет  турак жай курууга жана социалдык жактан коргоого  каражат табууга  милдеттүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: