БУУнун эксперттери Сириянын түндүк-батышында жайгашкан Хан-Шейхун шаарындагы химиялык чабуулга Башар Асаддын өкмөтүн айыптады. БУУ менен Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун тиешелүү корутундусу уюмдардын биргелешкен баяндамасында жазылган.
Сириядагы химиялык чабуулдар боюнча иликтөө иштери бир нече ай жүргүзүлдү. Эксперттер шаарга ташталган бомбага ууландыруучу зарин газы толтурулган деген жыйынтыкка келишти. Баяндамада айтылгандай, снаряддар Сирия армиясында гана бар учактардан ташталган.
Кошмо Штаттар химиялык чабуулга Сирия президенти Башар Асаддын режиминин тиешиеси бардыгын апрелде эле айкан. Бирок ал айыптоолорду Сирия өкмөтү четке каккан. Өлкө бийлиги аларда ууландыруу заттарынын кору жок экенин билдирүүдө.
Заринди колдонууга Сирия армиясынын тиешеси бардыгынан Орусия күмөн саноодо. Бир нече күн мурда Москва Сириядагы химиялык чабуулду иликтөө боюнча резолюцияга вето койгон. Биргелешкен иликтөө жүргүзүүнүн мөөнөтү бир айга жетпеген убакта аяктайт.
Апрелдеги Сириянын Хан-Шейхун шаарындагы химиялык чабуулдан кеминде 87 киши каза болуп, 550дөн ашыгы жаракат алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ