Menu

Жамбыл Камчиев министр болгусу келип…

Бөлүшүү:

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жаңы бошогон маданият министрлигине куудулдар Күмөндөр Абылов менен Абдылда Иманкуловдун талапкерлиги каралып жатыптыр. Бирок, колдоочусу күчтүү Эльвира Сариева ушул креслого олтуруп калышы ыктымал экен. Жогору жактагылар көпчүлүктүн каалоосу менен эсептешип олтурбайт. Демек…

Кечээ күнү Лейлекте гастролдо жүргөн Жамбыл Камчиев телефон чалып:

– Министрлик орунга Жамбыл Камчиев татыктуу деп гезитиңерге жазып койгулачы,- деген сунушун айтты.

Аты аталган үч куудулдун кимиси та­тыктуу? Албетте, үчөө тең! Биздин оюбузча, алардан да кадырлуу бирөө бар. Мисалы, бир нече жылдан бери Т.Сатылганов атындагы филармонияда иштеген, коомубуздагы терс көрүнүштөрдү сатиралык интермедиялары менен тиштеген куудул Келдибек Ния­зов маданият министри болгонго 100 пайыз туура келет. Кекебизге тигилер деле каршы боло койбостур. Силер кандай дейсиңер?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: