Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Борбор Азиядагы Ханнс Зайдел фондунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Макс Георг Майер менен Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул туралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Кызматташуунун негизги максаты – компетенттүү, атаандаштыкка туруктуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу багытында кызматташуу болуп эсептелет.
Эки тарап кызматташуу аркылуу:
а)КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине, жарандык коомдордун өкүлдөрүнө жана КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына лекция окуу жана семинар өткөрүү;
б)Жогорудагы лекция окуу жана семинар өткөрүү боюнча а) пунктуна ылайык КР УИАнын кызматкерлерине семинар өтүү;
в)КРнын мамлекеттик жана муниципалдык жаш кызматкерлерине, жарандык коомдордун өкүлдөрүнө жана КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына КР УИАга экскурсия уюштуруп, мекеме менен тааныштыруу ишин жүргүзүшөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ