Menu

Улан Исраилов Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйынына катышты

Бөлүшүү:

30-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңештин жыйыны өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Исраилов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын башчысы Канат Жумагазиев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башчысы Алмаз Бообеков жана ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышты. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул жыйындын эң негизги карала турган маселелердин бири болуп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишмердүүлүгү, жолдордогу абал жана жолдордо катталган кырсыктардын санын азайтуу менен бирге “Коопсуз шаар” проектисин ишке ашыруу боюнча маселелер каралды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Скандарбек Көчөрбаев докладында төмөнкүлөр боюнча маалымат берди: “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тутумун реформалоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде жана 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Өздүк коопсуздук кызматы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына алмашылган.

Кызматтардын атынын өзгөрүлүшү кызматтык түзүмү менен штаттык жайгаштыруусу түп тамыры менен өзгөрүлгөн. Мурда бул кызматтын кызматкерлери өзүнүн аймактык ички иштер органдарынын башчыларына баш ийишсе, азыр борбордук ички иликтөө кызматына гана баш ийип, милиция кызматкерлери тарабынан кеткен катачылыктар боюнча көз карандысыз кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзө алышат.

2017-жылы 6335 кызматтык иликтөөлөр жүргөн (2016-жылы бул көрсөткүч 6057 гана болгон), анын ичине Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын иш-аракеттерине нааразы болуп кайрылган жарандардан түшкөн кайрылуулар 1662 (2000) дагы кирет. Жыйынтыгында 1372 (1139) материалга кызматык иликтөөнүн чечими чыгып, 4963 (4918) справка толтурулган.

Терс көрүнүштөр боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан 92 (59) кызматкер жумушунан кетирилип, ээлеген кызматынан 150 (82) кызматкер бошотулган, дисциплинардык жоопкерчиликке 2077 (1422) кызматкер тартылган.

Андан соң, ИИМде жолдордогу абал, жол кырсыктарынын санын азайтуу менен “Коопсуз шаар” проектисин ишке ашыруу маселелери каралды. Ички иштер министри Улан Исраилов өзү Коомдук кеңештин мүчөлөрүн жолдордогу абал, жол кырсыктарын азайтуу боюнча тааныштырып жатып: “Жол кыймылынын коопсуздугу республика аймагында социалдык-экономикалык жактан эң негизги тапшырмалардын бири болуп саналат. Бул бир адамга гана эмес, коомго дагы материалдык жана моралдык жактан көптөгөн чыгым келтирет. Жол транспорттук кырсыктан жаракат алган адамдар, балдар жараксыз калып, майып болушуп же өмүрүнөн ажырашат. Республикадагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырмалары мамлекеттин социалдык-экономикалык абалы, мамлекеттин демократиялык-укуктук түзүмүнө жана мамлекет жарандык активисттер менен биримдикте бул көйгөйдү чечүүсүнө байланышкан. Анткени, коомдук колдоо менен мамлекеттик программаларды, проекттерди иш-жүзүнө ашыруу ийгиликтүү болбой койбойт.

Ушунун негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы жол кыймылынын кырсыктарынын жана республиканын жолдорунда каза болгон жарандардын санын азайтуу боюнча бир катар чараларды көрүп жатат.

Көрүлгөн чаралардын негизинде өткөн жылга салыштырмалуу быйыл жол кырсыгынан каза болгон жарандар 9,8%га төмөндөгөн (771ден 695ке чейин). Бирок, жол кырсыгынын каталышы боюнча өткөн жылга караганда 8.3%га өсүп, 6,5%га денелеринен ар кандай жарат алгандардында саны жогорулаган.

Жол кырсыктарынын көбөйүп жатканынын себеби, адамдардын айдоо маданиятын билбегендиги, жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо өтүү эрежелерин так сактабагандыгы, Жол кыймылынын эрежелерине кайдигерлик менен мамиле кылып, билип туруп атакарбагандыгы түрткү болууда.

Жол-транспорттук чөйрөсүн изилдеп жатып, ИИМ республиканын жолдорунда жол кырсыктарынын болуусуна шарт түзгөн бир катар факторлорун атаган.

Автоунаалардын көбөйүшү бүл чөйрөдө жол кырсыктарынын болушуна кошумча шар түзөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча 2010-жылдын баштап 2,5 эсеге көбөйүп, автоунаа каражаттарынын саны 1 млн. 146 миң 780га жеткен.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББгы фото-видео көчүрмөнүн жардамы менен автоунаалардан түшкөн айып пулдарды өз убагында көзөмөлгө алып турат жана республиканын бюджетине 11 млн. 134 миң сом акча каражаты түшкөн”.

Министр Улан Исраилов тарабынан берилген маалыматтан кийин, бул жыйынга чакырылган эксперттер суроо беришип, тиешелүү жоопторун алышты.

“Коопсуз шаар боюнча берилген суроого Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын башчысы Алмаз Бообеков жооп берди. 2016-жылдын февраль айынан азыркы убакка чейин ЖКЭни бузгандарды аныктоо боюнча фото-видео көчүрмө иштеп жатат. Бул аппарат көчөлөрдүн бирине коюлуп, жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардын автоунааларын фото-видео коплекси көчүрөт жана ал жогоруда көрсөтүлгөн комплекстин тутуму аркылуу ЖКЭнин бузулганы тартылып, электрондук түрдө көчүрүлүп алынып, автоунаанын ээсине жөнөтүлөт жана айдоочуларга салынган айып пулдар Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин талаптарын так аткаруу менен иш-жүзүнө ашып, республиканын бюджетине түшөт.

Кыргыз Республикасынын ИИМде фото-видео көчүрмөнүн жардамы менен автоунаалардан түшкөн айып пулдарды өз убагында көзөмөлгө алып турган автоматташтырылган маалыматтык тутум иштеп жатат жана республиканын бюджетине 11 млн. 134 миң сом акча каражаты түшкөндүгүн белгилеп кетүү керек.
Жыйындын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрөгасы Толкунбек Исаков Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине ыраазычылык билдирип, бул жыйын маанилүү болгондугун баса белгиледи. Бардык калоочулар коомдук кеңештин ишин жакшыртуу менен бири-биринин иш-тажрыйбалары менен бөлүшү боюнча сунуштарын беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: